Балбан Нурбек Кожобеков 1988-жылы 20-майда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылында туулган. Мектепти аяктаган соң И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырган.
Нурбек Кожобеков бел боо күрөшү боюнча Азиянын чемпиону (2012-жыл), Дүйнөнүн чемпиону (2014, 2015), 2013-жылкы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү аталган. Ошондой эле Дүйнө кубогунда алтын медалды багындырган (2015).
2014-жылы сентябрь айында Ысык-Көлдө болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз жана казак күрөшүнүн 90 килограммга чейинки салмактагы жеңүүчүсү болуп, эки алтын медаль тагынган.