Борбор калаада "Ботаникалык бакчанын жандануусу" деген аталыштагы фестиваль өтөт

Борбор калаадагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчада эртең, 21-майда "Бишкекти жашылдандыруу: Ботаникалык бакчанын жандануусу" деген аталыштагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында адистердин жашылдандыруу боюнча мастер-класстары, өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү жана сүрөтчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлмөкчү. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын негизги максаты - Ботаникалык бакчадагы өсүмдүктөргө аяр мамиле жасоо жана аны көрктөндүрүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан