Ош. Түркиялык дарыгерлер өткөрүп жаткан акысыз сүннөткө отургузууга 240 адам балдары менен кезек күтүүдө

Ош шаарында түркиялык дарыгерлер өткөрүп жаткан акысыз сүннөткө отургузууга 240 адам балдары менен кезек күтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Ош облусунун мусулмандар казыятынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук коомдук уюму каалоочулардын балдарын акысыз сүннөткө отургузуу боюнча эки күндүк иш-чара өткөрүп жатат. Түркиянын Адана шаарынан келген дарыгерлер акыркы үлгүдөгү аппараттардын жардамы менен каалоочулардын балдарын сүннөткө отургузушууда.

"Таң эртеден балдарын сүннөткө отургузуу үчүн кезекке тургандардын саны 240 адамга жетти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
AIZAD
2016-05-20 12:25:42
Апеей, столдун устуно... халат кийбейби? Колун жууп атты бекен?
+2
ATLETICO
2016-05-20 19:09:42
AIZAD, апеей деп тимеле халатсыз иштесе арам болгондой эле обсуждать этипсинго. Кыргызда "Атана эме этишти уйротпо" демекчи ал профессор бизденда жакшы билет эмне кылышты жана кантип иштешти. Столдун устуно эмей анан не креслодо кессинби. Адамдар кызык, оздору жасай албайтда, жасаганга сын тагат. Молодец турктор, силер биздин чыныгы бир туугандарыбызсынар.
0
Ayida
2016-05-20 12:55:19
Жалан эле Озбектерго балдарын алып баргандар
+2
magnat1013
2016-05-20 14:58:46
шаардын чекеси бут озбек туугандар болсо биринчи жанылыктар ушуларга жетет да, биздин кыргыздар артта калышат мындай нерселерден, анан кеткенден кийин каап деп калышат
+1
admin_portal
2016-05-20 15:19:44
ulanbek120190, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз! Сайттын башка колдонуучусун мазактоого тыюу салынган! Эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
0
BAIELER81
2016-05-20 19:20:21
Кечиресинер оштун кайсы жеринде экен толук малымат берип койосуздарбы, канча кун бекер болот экен???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан