Борбор калаадагы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында “Интеллектуалдык жана инновациялык ресурстар-2016” деген аталышта эки күнгө созулган көргөзмө өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Аталган иш-чарада ойлоп табуучулардын 100дөн ашык эмгектери көрсөтүлүүдө. Көргөзмө адамдардын ойлоп тапкан эмгектерин өндүрүшкө киргизүү боюнча жеке ишкерлер менен келишим түзүүсүнө жол ачат. Ошондой эле көргөзмөдө ар бир катышуучу өзүнүн ойлоп тапкан эмгегин коомчулукка таанытууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.