Балдарга карата зордук-зомбулук үй-бүлөдө жана интернаттарда көп кезиккени айтылды

Балдарга карата зордук-зомбулук көп учурда үй-бүлөдө жана интернаттарда болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, милициянын зордук-зомбулук менен күрөшүү багытындагы ишине карабай сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын саны азайган жок. "Мындай кылмыштар жашыруун мүнөздө болот жана алардын бетин ачуу оор. Анын үстүнө жашы жете элек балдарга жана секелек кыздарга сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар алардын эң жакын адамдары, туугандары, өгөй аталары, кошуналары же айылдаштары тарабынан жасалат", - деди Оторбаев.

"Соңку жылдарда коомдо үй-бүлө институту солгундап кеткени белгилүү. Ажырашуулардын саны өсүп, жалгыз бой энелердин саны көбөйдү. Аларга материалдык жактан баланы тарбиялоо кыйын болууда. Өлкөдөгү жумушсуздуктан жарандарыбыз чет жерге кетишип, алардын балдары, эң жакшы дегенде чоң ата менен чоң эненин колунда калат. Же болбосо туугандарынын, же балдар мекемелеринин кароосуна калтырылат", - деп билдирди акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tabyshmak
2016-05-20 14:56:51
Ошол байкуштар балдарын таштап, жыргаган жеринен кетип жаткан жок да чет жакка. Бийликтегилердин ар бири оз чонтогун ойлогонунун натыйжасы ушундай. Моюнуна галстук байлап алып эле, креслого чалкалай отурса эле "кыйраттым" деп ойлобоону биздин бийликтегилерден суранып кетмекмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан