"Педофилдерге карата колдонулуучу жазаны күчөтүү зарыл". Мындай пикирин бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо), 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) жана 133-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча айыпталгандар 3-5 жылга эле эркинен ажыратылат.
"Жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга өзгөртүү керек. Конституцияга ылайык, өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынат. Эгерде өлүм жазасын киргизүү керек болсо, анда Баш мыйзамды өзгөртүүгө туура келет", - деди Оторбаев.
"Биздин мыйзамдардын баары мыкты эмес. Мыкты мыйзамдар көп, бирок алардын аткарылышы үмүтүбүздү толук актаган жок. Коррупциялашкан сот системи, адилетсиздик, калыстыгы жок чечимдер жарандардын сот органдарында өз укуктарын коргой албастыгын далилдеп жатат. Ак жеринен айыпка жыгылып, планды толтурууну көздөгөн милицияга илинип талкаланган тагдырлар өтө көп. Мисалы, 2015-жылы 303 негизсиз козголгон кылмыш ишинин 84ү Жогорку Сот тарабынан биротоло жабылып, 127 адам толук акталган. Бирок адамды ак жеринен күйгүзгөн бир да тергөөчүгө карата кылмыш иши козголуп, сотто кесилип, түрмөгө түшкөнүн уга да, көрө да элекпиз", - деп билдирди Оторбаев.
"Өлкөбүздө укуктук мыйзамдар эмес, "жунгли" мыйзамдары колдонулуп жатканда, айыпсыз адамдар ак жеринен караланып, камакка алынып, атылып кетиши туура эмес. Кармоочу жайларда кыйноо практикасы токтой элек. Жасабаган кылмышты моюнга алдыруу максатында башка баштык кийгизип токмоктоо учурлары да байкалууда", - деп белгиледи акыйкатчы.