Кытайдын 98 жаранына сатылган паспорттор жасалма экени аныкталды

Түркиянын Стамбул шаарында кармалган кытайлык жарандарга сатылган паспорттор жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитов билдирди.

Кытайлык жарандардын колундагы паспорттор жасалма экени аныкталды, бирок мындай паспорттор менен кыргыз жарандары бар экенин биздин систем көрсөттү. Паспорттордун чыныгы ээлери Кыргыз Республикасында эле, өлкөдөн эч жакка чыкпай жүрүшкөнү белгилүү болду. Кыргыз жарандарына тийиштүү паспортторду жасалмалап, Кытайдын жарандарына тапшырышкан. Учурда тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте паспортторду тапшырган жана аларды жасаган адамдар такталууда”, - дейт Мелис Эржигитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
MuslimNur95
2016-05-20 15:10:28
Эмне мынча Алсыз мамлекет болуп атабыз?
+4
barpy
2016-05-20 15:18:08
Бул жерде чон коррупция жыттанып жатат. Менимче ошол жасалма деген паспорттор деле мамлекеттик каттоо кызматынын колунан чыкса керек, болгону буга чейин паспорт алган кыргыз жарандарынын аты-жону, данныйлары колдонулса керек,б.а. 98 жарандын паспорту кайра даярдалып, бирок базага киргизбей туруп уйгурларга берген. Паспорттордо Бишкектен учуп Стамбулга тушкону боюнча да кирди-чыкты штамптар басылса керек сатылма аэропорт кызматчылары тарабынан...

Айтор, чындап чукуса коп кишинин аты
+1
barpy
2016-05-20 15:24:46
Хадж боюнча илгертен эле Кыргызстанга болунгон квоталар Пакистан, Афганистан жарандарына, Кытайлык уйгурларга жен ичинен сатылып, виза жасалып, керек болсо ушунтип Кыргызстандын паспортторун да алып келишкен. Бул махинацияга мамлекеттик дин иштер башкармалыгы, муфтият, тышкы иштер министрлиги, мамлекеттик каттоо кызматы, Манас жана Ош аэропорттору сыяктуу коптогон мекемердин аттуу-баштуу, таасирдуу адамдары аралашса керек деп ойлойм...
+6
ekaterinburg
2016-05-20 15:25:20
Ошол жасагандарды кармап,кармагандарын теле-радио,ммк лардан сенсация кылып корсотуп-угузуп...Ошенте алавызбы озу?(((
+2
tashi62
2016-05-20 15:54:22
Алсыз болсок баары жемелей берет экенда .
+1
akyn
2016-05-20 18:50:18
бул али чекеси?
0
zhykyo
2016-05-20 20:11:56
Кытайлар оздору жасап жатат окшойт оюм да
-1
roma84
2016-05-20 20:12:56
Кыргызстандын паспортун Москвада казанский вокзалдагылар деле жасашат деп уктум. Ушулар жасап жатса башкасына жол болсун...
-1
bond
2016-05-21 06:50:02
roma84,откондо кармадыго бир тажикти эми ошого окшогону толтура да.
-1
ruslanz
2016-05-21 07:08:56
Паспорт жасап койуш ушундай онойбу. Россияда, Кытайда ж.б. Же жакшы корголгон эмес, же биздикилердин тиешеси бар.
-1
MinuTolik
2016-05-22 09:42:42
Kachan bul akcha degenge toiot eken chondor??? Je uwuncha jep jarylywpady.. Bolbogon akcha uchun eldi uiat kylyp. Owon uchun kyiynsyp juruwotda kytaiyn dele ozbegin dele chondordun oozuna SOSKA salyp koiuwup.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан