Мамлекеттик тарых музейиндеги оңдоо иштерине байланыштуу борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы мамлекеттик туу жана күзөтчүлөр убактылуу алынат. Бул тууралуу Улуттук гвардиядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, туу 21-майдан 30-августка чейин алынат. Муну менен катар Улуттук гвардиянын күзөтчүлөрү дагы тууну кайтарууну токтотушат. Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери эки этапта өтүп, биринчисинде музейдин сырты жана айланасы оңдолот. Бул иш 31-августка чейин жүргүзүлмөкчү. Ал эми экинчи этабында заманбап талаптарга жооп берген музей толугу менен бүткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Улуттук гвардиянын ардактуу күзөт аскерлери мамлекеттик тууну борбордук "Ала-Тоо" аянтында 1998-жылдын 16-августунан тарта кайтарып келишет.