SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келинчеги бар экенин билип туруп сүйлөшкөн кыздарга көз карашыңар..." деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен кыздардын жеңил ойлуулугу деп эсептейм. Жакшынакай жашаган анын үй-бүлөсүн да бузат, өзү да бузулуп тынат".
"Эми алардын оюнда эмне бар билбейбиз да, мүмкүн, ошол эркектер жүгүртө турган даражага жеткирип коёт, ким билиптир анысын? Эркек кызга өзү келбесе, кыз өзү артынан чуркап барып албайт го дейм. Катуу талкууга алгандан корком. Мен деле жаш, бойдок кызмын, Кудай ар бир адамга ыйман-ынсап берсин".
"Мүмкүн, үй-бүлөлүү болсо да жакшы көрүп калат чыгар. Жашоодо көп эле көрөм мен дагы".
"Ушундай нерсенин айынан бир тууганым жапа чекти. Үй-бүлөсүн гана бузбастан, ата-энесинин, туугандарынын баарынын башын жерге салдырат. Эптеп-септеп бул жагынан, ал жагынан өтүп жатып шыйпаңдап эркекти өзүнө буруп алып, анан "катыны менен ажырашсын, калганын көрө жатарбыз" деп тим эле бойдок эркекке тийип жаткансып, мурдун балта кеспей сүйлөгөнүнө жаның кашайып кетет экен. Менде деле кездешет, анча-мынча тааныш болуп сүйлөшүп баратып, аялы бар экенин билип калып, ошол эркектин туугандарына жазган СМСин скриншот кылып жөнөтүп уяткарган күндөр".
"Кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт" деген принциптесиңер го, ээ? Ошол букаларыбыз напсисин тыйса эле, кунажындар көзүн сүзбөй калышат. Ороңдогон бирөөгө жагынып ким сүйлөмөк?"
"Бул нерсеге эми ар кандай себеп болот да. Кээ бир учурда кыздар эркектин башын эптеп айлантса, кээ бир учурларда аялдары эринин көңүлүнө жакпай, башка аял менен "апак-чапак" болуп кетет го, тескерисинче, кыздардын башын эркек айлантып".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.