"Kyrgyzstan Dance Showcase" сынагы хореографтарга өздөрүнүн номерлерин жаңылоо, кайра көрсөтүү, чыгармачыл идеяларын ишке ашыруу жана долбоордун ар бир мезгилинде өнүгүү мүмкүнчүлүгүн берет. Алыскы райондордон келген бийчилер, хореографтар өз тажрыйбалары менен бөлүшө алышат. Ошондой эле долбоор таланттуу жаштарга өзүнүн эмгектерин татыктуу көрсөтүүгө жана шоу-бизнес тармагында таанылууга мүмкүнчүлүк түзүп берет", - дейт Эрмек Керимбаев.
Катышуучулар төмөндөгү категориялар боюнча күч сынашат:
Mega - Сахнага массалык чыгууда түрдүү стилди айкалыштырууга болот. Негизги басым бийдеги кыймылга, таасирдүү идея жана аткаруу чеберчилигине жасалат.
Crew - Сахнага командалык чыгууда түрдүү стилди, көчө маданиятын камтышы мүмкүн. Анда топтун өзгөчөлүгү, стили, образы бааланат.
Pair dance - Түгөйлөрдүн бийлөөсүндө сюжет, маани, тарыхы болуусу мүмкүн. Бирок бийдин “маанайы”, өнөктөштөрдүн бири-бирин сезүүсү бааланат.
Solo - Мында хореографтын иштеп чыккан жеке стили, кайталангыс образы көрсөтүлүшү керек.
Ошондой эле ар бир номинацияда акчалай сыйлыктар каралган. 21-майдан баштап тандоо туру башталган. 27-майда Улуттук филармонияда сынактын финалы өтөт.