"National Geographic" журналынын расмий сайтында “Бишкекте күн бүркөк” темасынын алкагында сүрөттөр жарыяланган. Аталган журналда борбор калаада кандай гана аба ырайы болбосун, шаардын кооздугун сүрөтчүлөр өз эмгектеринде чагылдырышкан.
Эскерте кетсек, "National Geographic Орусия" журналынын шеф-сүрөтчүсү Андрей Каменев Улуу Жибек жолу боюнча фототур уюштуруп, аталган журналдын кызматкерлери өлкөбүзгө 6-10-майларда келип кетишкен.