Испания курамасынын дарбазачысы жана учурда португалиялык "Порту" футболдук клубунда ойноп жаткан Икер Касильяс бүгүн 35 жашка толду. Ал 1981-жылы 20-майда Мадрид шаарында төрөлгөн.
Таланттуу дарбазачы 17 жашында "Реалдын" негизги курамасына алынган. 19 жашында ал улуттук курамдын дарбазачысы катары форма кийген.
Касильяс 2008-жылы жана 2012-жылы Европа чемпиондугун, 2010-жылы Дүйнө чемпиондугун уткан Испания курамасынын капитаны болгон. Ал Испаниянын курамында жалпысынан 166 оюнга чыгып, 94 ирет өз дарбазасына гол өткөргөн.
Ал эми клубдук карьерасын "Реалга" арнаган Икер мадриддик клубдун курамында 16 жыл ойногон. Бул аралыкта ал 5 ирет Испания чемпиондугун, 3 жолу Чемпиондор Лигасын жана башка көптөгөн мелдештерди уткан.