СУПЕРСТАН: "Биз жактагы быйылкы 20 жылдыктар 35-40 миң сомдон чогултуп жатышат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "20 жылдыкка даярдануу" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бүтүрүүчүлөрдүн 20 жыл деп майрамдап кетип калбай, үй салып бергендерине кубанып жатам. Бардык 10 жыл, 20 жылдыктар ушундай иштерди кылса сонун болмок".

"Биздин 10 жылдыкта 5000 сомдон чогултканбыз, 27 бала. Акча агай-эжейлерибизге белек-бечкекке жана өзүбүздүн эки күндүк жеп-ичкенибизге кеткен".

"Былтыр жолдошумдун 10 жылдыгы болду. 10 миңден чогултушту, көбү араң таап беришти. Мен каршы болдум, бирок намыстанышат экен. Жалпы 350 миң. Ошол акчаны бир жумада түгөтүштү. Негизи, 20 жылдыктан баштап эле өткөрүш керек экен, баары үй-жай күтүп, бутуна туруп калат".

"Биз жактагы быйылкы 20 жылдыктар 35-40 миң сомдон чогултуп жатышат. Айылдын кире беришине арка куруп беришет имиш".

"Жолдошумдун 10 жылдыгы. Алар эч нерсе кылбайбыз, жөн гана ошол күнү чогулуп отуруп коёбуз деп жатышат".

"10 жылдык, 15 жылдык болбогон эле нерсе. Мен деле 10 жылдыкта айылда болбой калып, Орусиядагы теңтуштар менен кафеде чакан гана кече уюштуруп, таң аткыча отурганбыз. Кыскасы, 10 жылдыкта баягы эле жаш балдар, андан көрө 20, 25, 30 жылдыкта жолугушуу өткөрсөң, ошондо жакшы болот. Бала чакты эстеп бир жылмайып аласың".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
tashi62
2016-05-21 13:46:55
20 жылдыкты макул өткөрсө болот а 10 жылдыктын кереги жок деп ойлойм .
+3
alina79
2016-05-21 20:04:31
tashi62,вообще эле откорбой койсо эмне болот?Мен билген бироолор 40 жылдык откоробуз деп атышыт 15минден чогултуп,буларга эмне кереги бар алды 58жашка чыгып калышты кемпир чал болушуп.Отур уйундо балдарын менен ошого кеткен 15минди 1ай жеп ичесин.Кандай дейсинер?
-2
vrach
2016-05-23 00:22:07
alina79, Жашоо кызык да ошонусу менен сенин ишин канча??? ХХХ ХХХ ХХХ
-1
admin_portal
2016-05-23 09:37:24
vrach, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз! Эскертүү!
0
Kroxa
2016-05-21 13:53:55
А бизде 2014 жыйырма жылдык болгон балдар 17 минден чогулттук 12 бала кыздарды конокко чакырдык озулорунчо шарты менен келди,,бир жума отурдук кыздар 4 кун болду,,,анан балдар озунчо куттуктоодон тушкон акчага бир кун тоого,бир куну колго бир куну курортко жетиогузго бир куну саунага аягында кафеде анан тан аткыча уйлорду кыдырып тарап критик ошончо кун чер жазып майрамдадык катууу...
-13
aibo_85
2016-05-21 14:53:05
Kroxa, эртеси жегенге нан таппай олтуруп калдык де))) 1 жума кундо отура берип чарчабадынарбы? 4 кун журо берген кыздарынардын эрлерине да рахмат.
+16
Kroxa
2016-05-21 21:37:14
aibo_85,кудайга шугур нан жок калгыдай жаш эмеспиз 20 жылдыкта баарыбыз ордубуз менеништеген иш уй-жай машина баары кудайга шугур кыздар куйоолору болуп чогуу келишкен...Ойноп суйлосон да ойлоп суйло биз лицейди бутургонбуз...
-2
zhykyo
2016-05-21 15:12:36
Акчасы жок экен деп ойлоп калбасын деп эле айла жоктон чогултушат
0
shiko
2016-05-21 19:39:58
zhykyo,2015ж.куйоомдун 10 жылдыгы болчу. Акчабыз
Жумушубуз бар туруп кошулган жокпуз .15 минден
Чогултушуп колунда жоктору кредит алып короодогу
Жалгыз малын сатышып беришти. Бирок ошонун айынан уй булоодогу тушунбостуктор ата энелери менен урушуп кийин кредит толошуп карыз болушуп бир топ болушту. А биз балама велосипед аперип колго барып келдик.
+1
slm-81-10
2016-05-21 15:51:35
Баары арам иштер,ысырапкерчили иштер.Ошол классташтары менен олтуруп келе бер деп жөнөткөн ээрлери,билбейм ээ,кандай эркектер аялдарын кызганбаган,чочкодон айырмасы жок.
+4
slm-81-10
2016-05-21 15:55:14
Өздөрүнүн туугандарынын арасында кыйналып жашагандары бар турса да,аларга жардам беришти ойлобойт да,каяктагы болбогон,керек болсо кыргыздын салтына туура келбеген нерселерге акчаларын жумшашат.Дагы Кыргызстан качан өнүгөбүз деп бийлике асылгандан башка эч нерсе билишпейт.
0
slm-81-10
2016-05-21 15:56:38
Кыргызстанда жашап жатаан башка улут ээлери,ушуга окшогон нерселерди кылбагандыгы үчүн,качаан эле өнүгүп кетишкен.
+1
KGstan1981
2016-05-21 15:58:09
Озу шаардыктарга караганда айылдык бутуручулоор коп акча сарпташат экен.Кызыл-Кыя шаарындагы бутуручулор потолок 5 мин сомдон чогултуп жатышаат.Колууда бар бизнесмен бутуручулор Кызыл-Кыядагы мектептерге компьютор жана китептерди алып берип жатышат.Ал эми Кызыл-Кыяга жакын жайлашкан кошуна айылдагы бутуручулор болсо Кызыл-Кыядагы бут кафе ресторандарды заказ кылышып алкоголдук ичимдиктерди ичишип акчаларын жон эле асманга чачып жатышат.Кимге катту тийсе кечиргиле бирок бул ачуу чындык жана факт
0
nur111
2016-05-21 18:42:30
KGstan1981,кызылкыялыктар аябай ыймандуу болуп кеткен, ичпейт де. Ошол Кызылкыянын жанындагы 2 мектептин 20 жылдыктары 3000ден чогултуп жатат.Бир мектеп природага эле чыгышат. 5000ден чогулткан шаардыктар деле кафеде отуруп ичишет, гарантия.
0
KGstan1981
2016-05-21 18:58:26
nur111,Бизде дагын ичишет меним айтканым айылдан бутуручулоор Кызыл-Кыядагы бут кафелерди жана ресторандарды бир ай алдын эле ээлеп бронировать этип коюшту азыр Кызыл-Кыяга тушсон баардык кафелерди айылдагылар брон кылып коюшкан анан айылдык бир таанышым мактанып биз бир кун ресторанда отурабыз,эки кун ночовкасы менен Апшырга баарабыз кой соебуз,Анан Ошко Сулейман-Тоого барабыз анан Баткенге Айгуль ташкаа баарып мазза кылып классташ кыздарыбыз менен дем алып келебиз дейт мына ысыраапкерчилик
0
alina79
2016-05-21 19:55:15
KGstan1981,Ата энелери балдарын ээн эркин коё беришип,кундоп тундоп кыздар балдар чогуу туноп журушсо,аягы эмне менен бутот?Бироосу боюнда болуп ошо менен бутот.
+1
vrach
2016-05-23 00:20:22
alina79, Тундоп кундоп журсо дагы 40 жаштагы аял эркеке жарашат. алды чон ата чон эне эмне анча переживаететип!
+1
yakutiya-Mirnyi
2016-05-21 17:13:13
менин куём жизнь жонотпойт болчу
0
stimyl.kg
2016-05-21 17:53:20
Заманына жараша он жылдык жыйырма жылдык белгилоо кечелери деле шумдук болуп баратат. Кыргыздын баары тентип талаада иштеп айлык акы кунумдук кирешелери жакшы болуп ушуга окшогон баш бириктируу салтанатарында аябай эле чачылып сапрырып кетип жатышат да. Кыргыз калкы кыйынчылыкта омур суруп атат деп айтсан мындай кечеге келсен уят болосун баары кымбат баалуу заман бап буйумдар тамак аштар..
0
Truelensk
2016-05-21 18:01:09
Акчаны кредитке алат,кийимди карызга алат.ошол чачкан акчага балдары бир жыл каалаганын жеп жашамак.
+8
aianaaiana
2016-05-21 20:14:29
Мен 10 жылдыкта атайын Москвадан Бишкекке бардым кээ бир достор Бишкекте туруп келбей коюшту балдар кафени еле көтөрдүк ошо тынч ыр кесе уюштурүп жакшына отурдук кыздар эжейлерге гүл менен китеп ситеп белек кылышты аябай шаңдуу отурдук москвада 10 жылда барбай жүрүп барсам аябай өзгөрүптүр Бишкек кара жорго мода болуп жаткан экен кыскасы сонун болду
-2
bazar
2016-05-22 11:12:32
"Ашып атсаң аш бер, тойуп атсаң той бер" дейт кыргыз! Жыл сайын эле чогултуп жатпагандан кийин, өмүрдө бир келчүү мындай саамалыкка бираз акча сарптап "той" кылып койсо эч нерсе болбойт
0
vrach
2016-05-23 00:26:46
Кийинкиси 10 Жылдызай чейин ким бар ким жок дегендей тосушсун. бироо классы менен жакшы бироо досу жок дегендей эмне болмок эле тоскула куттуктайм баардыгын ким мектепте окууса
0
Begimai85
2016-05-23 02:09:54
Ото коп акча топтобой азыраактан топтоп отурса болот,биздикилер он беш жыйырма минден топтоп ийишет,колдон келсе откозбой эле койсо да болот.
0
Jyrgal_msk
2016-05-23 23:04:32
Ошол бутуручуулор мектепти,айылды ондоп жатышат.Окмот бир нерсе кылып атабы.Ото эле ысырапкорчулук кылган болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан