СУПЕРСТАН: "Кыздардын ойнош болушу каржы маселесине барып такалат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар эмне үчүн ойнош болушат?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Менимче, көбүнесе каржы маселесине барып такалат".

"Буга эркектер күнөөлүү, көңүл ачуучу жайларда ары жак, бери жагынан өтүп көңүлүн өзүбүзгө бурдуруп алабыз. Кыздар ишенчээк болушат".

"Ошондой кыздарга таң калам, өзүн барктабаганына, өзгөнү сыйлабаганына".

"Кыздар өздөрү күнөөлүү, эркекке эмне, баары бир да. Кунажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт. Маселе акчада деле эмес, жеңил ойлуулукта. Керек болсо азыркы кээ бир кыздар өздөрү сынышат".

"Бул нерсе окуучу кезинде эле башталат. Мектепте боёнуп, чоң класстын балдары менен сүйлөшүп, ошол убакта эле эркектен көңүл бурууну күтүп жүрүп, ошого көнүп калышат".

"Угушума караганда, үйлөнгөндөр бойдок мырзаларга караганда кыздарды тузагына оңой түшүрөт. Балким, ушул да себеп болуп жүрбөсүн?!"

"Байлыкка, бийликке, акчага кызыкпаган кыздар эч качан ойнош болбойт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
mirbek2211
2016-05-21 12:13:29
Ушул нерседен качан арылабыз. Ар бирибиз аялыбызга, эже карындашыбызга да көз салып жакшы карашыбыз керек.
+2
hann
2016-05-21 12:16:24
Бул талкууланып жаткан тема негизи ойсок кыздардын башындагы жана катынпоз жигиттердин аласындагы таракандары. Ыймандуу кыздар ыйманы менен турмушка чыгып бактылуу жар жана эне болушат. Ал эми Ыймандуу жигиттер келечегин ойлоп, уй булосунун тазалыгын баалап сыймыктуу, сыйлуу куйо жана улгулуу ата болот. Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп баардык эркектер бузуку эмес жана баардык эле кыздар ойнош кутуп аласынын аркасында жашап калган жок. Жон гана 5 кол тен эмес деп Аллахтан ыйман сурайлы.
+2
Feruzka
2016-05-21 12:25:21
Алла ыйман берсин баарыбызга еркеке да аялга да
+1
barpy
2016-05-21 12:35:10
Женил ойлуу кыздар кыздыктын кадырына жетпей никеге чейин канчалаган эркектин алдында уйпаланат. Ар бир эркектин башын айландыруу, кафеге "сындыруу" же кийим алдырууну талант деп билет. Акыры биринен боюна бутуп, аны шантаж кылып тийип алат. Анда да уйронгон адат калабы болуп никени, эрин сыйлабай башка эркектер менен ойной берет. Качан куйоосу билип ажырашып кеткенден кийин мындай аялдарга биротоло кудай берет. Озуно окшогон ж.п эркектер менен да болот. Момун эркектерди да туз жолдон
0
beksbayke
2016-05-21 12:41:23
байкуш кыздарды деле тушунсо болот акчасы коп болгонун каалашат , каалаганын алгысы келет (Кыскасы кем акылдар орусча айтканда недальнозоркий келишет табигатынан
)
-1
barpy
2016-05-21 15:09:03
beksbayke, иштеп таап алсын да алты саны аман турганда. Акчасы жок турбайбы байкуштун деп ар кайсы эркектин алдында уйпаланган женил ойлуу шуркуялардын тарабын ала берсек заманыбыз кайда барат?
+1
maramak
2016-05-21 12:53:29
Ар бир адам озу туура деп эсептеген ою боюнча жашаш керек деп ойлойм,жыйынтыгы он жана терс болушуна озу жоопкер болот, жашоо жакшы мугалим дегендей убакыттын отушу менен алган билимине жараша жашоодогу орду аныкталат.
0
maku88
2016-05-21 13:59:25
бундай теманы каяактан таап аласынар болсо мага жазып жибергилечи
0
mr.kyrgyz
2016-05-21 15:05:29
Эмне жыйынтыкка келдиниздер? Же ар ким озу билип, отугун торго илмей болдубу?
+1
barpy
2016-05-21 15:18:07
mr.kyrgyz, никеси жок кошулушкан эркегин да, аялын да жазалап жоопко тартып, бул зынакорлукту колдон келишинче жою керек. Бугун биз кайдыгер болсок кийинки муун- биздин урпактар кандай болот?... Мындайларды жазалап керек, ата-эне, урук-тууганынын, коомчулуктун алдында уяткаруудан тарта оор жазаларга чейин (м.эркекти бычып, аялга темирден "кур" кийгизуу сыяктуу). Кыздарыбыз абийри менен болсун, уй-булолуулор никени сыйласын..
0
Супер саяк
2016-05-21 15:20:00
Ойноштук бул наркомания, алкоголизм ж.б. сыяктуу эле оору. Бул нерсеге (ойноштука) эрки бош адамдар бат берилет. О. э адамдар физиологиялык жана биологиялык жактан ар кандай болушат (мисалы: айрым адамдар арака бат берилет...). Ошондуктан ойношу бар адамдарга просто жалко (эркекпи, аялбы айырмасы жок).
0
Супер саяк
2016-05-21 15:24:24
Мен озум мындай оору менен ооругам. Азыр мен мындай нерселерден алысмын. Аллахыма шугур ушундай ыплас нерсени тушунуп, андап алганыма. Жана баарына каалайм: ойнош кутуп алтындай убактынарды кетирбегиле. Аялынарды же куйонорду суйуп ошондон ырахат алгыла демекмин...
+1
Ayida
2016-05-21 15:51:16
Адамды биринчи чойро бузат экен.Илгери элдин баары жайлоого чыгып жаз келгенде жана дыйканчылык менен семичка картошка эгип эле кыштан чыгып жан бакчуу.Кийин Россияга бир ден экиден адам барып атып.Азыр Россия эмес башка олкого да толуп кеткен Кыргыздар.Ошол сынарындай бир кыз бироо мн жатат.Ал эркек бир аз акча берип койот. Ал кыз учун адат болуп калат.Шайтан суйунот башка эркеке да азгыра баштайт.Акчасы копторду карай баштайт.Анан ал эркек кафеге чакырат досум да келет дос кызын барбы дейт.
+2
Ayida
2016-05-21 15:55:03
Анан ал кыз досторунан бироосун азгырат жур эми отуруп келесинда шерик эле бол дейт.Анан эркектин досу кыздын досун азгырат.Шайтан суйунот.Анан ал дос кызы дагы ойногонго уйронот.Ал бир кун башка досун чакырат.Башка эркеке карай баштайт.Ошентип уланып кетет.Эркектер болот акчалуу кыздарды сунуштайт оздору чоон болуп алып.Анан уланып отуруп чойрого жаман болсо таза кыз дагы бир кун аралашып журуп зына кылганга кирип кетет.Эгер чойродо намаз окуган же хиджаб кийбесе деле окуу иш деп жургон кыздар
+1
Ayida
2016-05-21 15:57:14
Кыздар болсо иштин козун билбеген кыз да иштеп кетет андай чойродо.3 эркек арак ичсе бир эркек ичпесе.Бирок аралашып журсо бир кун ал дагы ичип кеткенин билбей калат.Ошол учун чойрону жакшы тандоо керек. Жакшы адамдар менен аралашып журуу керек
+1
nargis
2016-05-21 18:35:38
Башка улут менен журсо кыздарды эмес ошол башка улуттун балдарын ,жолобогудай кылса болбойбу ,кыргыздын кызын коргондо ии байкелери бар эле дегидей кылып,.
0
orbit89
2016-05-24 00:08:39
Эх ойнош,ойнош дегиле ушул уй-булоосун бузуп жургон аяалдарга эки дуйно азап болсун,экинчи баламды тороп больницада жатканымда жолдошум 50жаштагы аяал мн мамиледе экенин билип ажырашып тындык азыркы аяалдаргада соз жок уялбай баласындай бала мн жургонуно кайдагы бир аяал учун 2баласы уйбулоосунон ажырап ортодо калган менин жолдошумдай болгон балдаргада сооп жок,экоон тен кудайга койдум,кудай берсин жазасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан