Ош облусунун Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-майда аталган унаа жолунун 70-чакырымында көлөмү 4 миң чарчы метр болгон жер көчкү түшүп, жолдун бир каттамын тосуп калган. "№959-Жол тейлөө ишканасынын жүктөгүч жана 1 грейдер техникалары менен жолду тазалоо иштери толугу менен аяктады", - деп айтылат маалыматта.