Бишкек. Көлмө конушунда Үркүндүн 100 жылдыгына карата бийиктиги 4 метр келген эстелик тургузулат (фото)

Кечээ, 20-майда Бишкектеги Көлмө конушунда "Улуу көтөрүлүшкө 100 жыл" деген темада иш-чара орун алды. Иш-чара конуштагы №29-китепкананын кызматкери Нургүл Туркменованын демилгеси менен уюштурулуп, ага тарыхчы жана изилдөөчү Памирбек Казыбаев, №14-Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Каныбек Калиев, мектеп мугалимдери, окуучулар жана тургундар катышты.

Анда кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук боштондук күрөшү - Үркүн тууралуу маалыматтар берилип, кандай баа берилиши керектиги башкы тема болду. Ошондой эле окуучулардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилип, ролик көрсөтүлүп, окуучулар ушул темада ырларды айтып беришти.

Тарыхчы жана изилдөөчү Памирбек Казыбаев өз сөзүндө: "2016-жылкы көтөрүлүш, элдин аёосуз кырылганын геноцид деп айткандан коркпошубуз керек", - деди.

Бул күнү Каныбек Калиев Көлмө конушунда Үркүндүн 100 жылдыгына эстелик тургузуу пландалып жатканын айтты. 4,5 метр бийиктиктеги эстеликти тургузууга каражат элден топтолуп, эстеликтин эскизи жана макети даяр болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
merim97
2016-05-21 16:59:31
Казакстандагы митингти айтып чыкбайсынарбы суппер инфо
0
stimyl.kg
2016-05-21 17:46:04
Мамлекеттик иш чара десе эле окмот, мектеп окуучуларына же студентерге арта салат ушу. Аларсыз эмне окшошпой калабы? Коросунор ушул уркун тарыхый ишчараны мектептер менен Жогорку окуу жайлар менен бутурот,ал иш чарага паланча млн сом болунот да тигинтик минтик деп он он беш окуучу стундентер менен бутурот,ишчарана болунгон милиондор суу куйгандай жок брлот изин таап сол чонтоко. Окмоттун билимдуу дасыккан заман бап ойдо иш алып баралган кадрлары жок.
+7
Rahim76
2016-05-21 18:17:41
Кыргызстан эстеликтер олкосу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан