Модель жана актриса Наоми Кэмпбелл 1970-жылы 22-майда Лондондо төрөлгөн. 14 жашында мектепти таштаган Наоми Кэмпбелл Лондондогу Itali Conti окуу жайына тапшырып, ал жактан бий, актёрдук өнөр, вокалдан сабак ала баштайт. Ошол убакта “Элит” моделдик агенттигинин кызматкери Бет Болдт кастингге чакырат. Болочоктогу топ-модель өткүрлүгү, эркинин күчтүүлүгү менен кастингден өтүп, Парижге сапар алат. Ушундан кийин ага мода дүйнөсүнүн эшиги ачылып, “Elle”, “Time”, “Vogue” журналдарынын биринчи беттерине чыгып, “Ralph Lauren”, “Versace”, “Dolce&Gabbana” фирмаларынын товарларын жарнамалай баштайт. 1994-жылы Америкадагы мода академиясы аны “Дүйнөнүн эң мыкты модели” деп тапкан.