Москвадагы элчиликтин басма сөз кызматы "элчилик үч-төрт күндөн бери иштебей жатат" деген кабарга жооп берди

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги акыркы үч-төрт күндөн бери иштебей жаткандыгы тууралуу окурмандын айткандары чындыкка дал келбей турганын маалымдады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Элчилик күнүгө штаттык тартипке ылайык өз кызматын аткарууда. Экинчиден, маалыматта берилген сүрөттөрдө элчиликтин башкы эшиги тартылган, элчилик өзгөчө режимдеги объект болгондуктан, ал негизги эшик аркылуу расмий жана мамлекеттик маселелер менен кайрылууга болот. Келгендерди атайын бекитилген кызматкер көзөмөлгө алып, өткөрүп, же болбосо кайрылган суроолоруна ылайык консулдук бөлүмгө жөнөтүп турат. Консулдук бөлүм элчиликтин имаратынын артында жайгашкан жана анын эшиктери иш убагында эч качан жабык болбойт", - дешти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 19-майда окурман "Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги үч-төрт күндөн бери кыргыз жарандарына жардам бербей жатат" деп SUPER.KG порталына кабар жөнөткөн.

"Мен Москва шаарында иштейм. Элчилик кыргыздарга үч-төрт күндөн бери документ жасабай, каттоо жүргүзбөй жатат. Чак түштө эшиги бек, же ар кайсы жерге жиберип, же ал жактагылар "биздин документ менен ишибиз жок, билбейбиз" деп жатышат. "Билип бергиле" десек, "азыр биз биле элекпиз" дешет. Эмне кылышыбыз керек, документтер бузулуп жатат. Кыргыз жарандары жумушка же көчөгө чыга албай жатышат", - деген окурман.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
marat009
2016-05-22 18:49:13
Мен акча уурдатканмын милицияга арыз жазсам келишип квартираны суротко тартышып ал баланын далныйларын алышып базага киргизип койдум деп элэ журотта консульствого кайрылсам жардам береер бекен
+4
abusait
2016-05-22 20:13:16
Эшигине тушундуруп жазып, арткы тешигинин жолун ччийип коюшпайбы? Элди атана бар энене бар кылбастан..
+6
jalguzum
2016-05-22 21:13:20
abusait,эн туура айттын
+4
suymon
2016-05-22 22:07:32
Элчилик жаман иш алып барганын баары билет.силерге соз жок.соз жок.укмушсынар тиммеле .кудайдан коркуп иш кылгыла.кыргыз болгонуна окуносун россияда журуп
+2
lucky_star
2016-05-22 22:37:34
Ооба мен да паспорт жоготуп алып, кайтып кетууго документ жасатам деп ишим тушту, аябай эле начар мамиле, жаш баладай да корушпойт экен. 16:00 дон 18:00 чейин деген окошкасы 17:30 да ачылды(( как будто бул жарыкта жалгыз ошолор эле иштешет, алардан башка адамдардын иши жок бекерчидей, суйлогон создору да мыскылдап аябай жаман мамиле жасашат экен( ошондо кыргыз экенине окунуп кетесин. Алардын устунон текшерип, иштеп жатышабы жокпу, коррупция жокпу деген чонураагы деле жоктой. Ар ким озу билгендей
+3
KANAT85
2016-05-22 22:55:21
Көпчүлүк нааразыго!!!
+4
ainur78007
2016-05-22 23:05:08
Канча жылдардан бери эле элдин копчулугу нааразы болуп келе жатат,бирок эч кандай жакшы жака озгоруу жок
+3
alas
2016-05-22 23:22:04
Супер инфо эмне учун видеосун киргизип койгулачы баары билсин Жана кыргызтындагы креслодо отургандар да
+2
Taku.14.02
2016-05-23 00:40:24
alas,тууган видеодо беттери корунбой белден ылдый тартылып калган колума кармап балким ошого киргизбедиго бирок создору дана угулап
+1
tyka
2016-05-23 02:21:30
Москвада элчилик кыргыздарга жардам бербесе жаман мамиле кылса эмне кереги бар анда! Интернеттен кол топтоп ЖКга же башкасына кайрылуу керек го?
+3
spinkub
2016-05-23 03:11:28
10 жылдан бери бир жакшылыгын корбодум элчиликтин. Эгерде акчан жок барсан жаттан жамансын. Канча иштерим тушуп кайрылдым,ар барган сайын бир гана корунуш! Барынан жогу бул элчиликтин!
+3
tyka
2016-05-23 03:52:28
Кыргызстандан чиновник барса Акча коротуп тосуп алат элчиликтер баардык жерде. Москвада карапайым элден Акча алып жаман мамиле кылганы окунучтуу нерсе экен
+2
aikutnur
2016-05-23 04:22:07
Элчилик эмес эле тушунуксуз контора, ушундай да мамлекеттик денгелдеги мекеме болобу?каяктагы ишине жоопкерчиликсиз баса айтып откум келет адамгерчиликсиз сотрудниктер.
+3
nura.177
2016-05-23 11:16:06
Элчилик тегеле бир 10жылдан бери кыйратып иш жасабайт. Эмне кереги бар ошончо чиновниктин бизге. Барсан жаллан бизнесмендер, ал жерде иштейин деген 1 % гана желаниясы барлар иштешет.
+1
admin_portal
2016-05-23 11:57:23
karymshakov, эскертүү! Сын-пикирди тиешелүү дарекке жөнөтүңүз!
Nur-Aman, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
Angel92, сиздин билдирүүңүз жарыяланып турат.
0
barpy
2016-05-23 14:11:20
Мындай элчиликтин кимге кереги бар, орду тубу менен жоголуп кетсе да кайгыраар мигрант табылбаса керек. Биздин бийлик эл менен эсептешпегенден кийин элчиликтерге кудай берди да... Россияда Америка же Кытай жарандары кыргыздардай кыйналсын эле, алардын элчиликтери кандай иштегенин кормоксунор...

Бийлиги да, элчилиги да куруп, жоголуп кетсинчи элди кыйнабай...
+4
etaj_rus79
2016-05-23 14:15:02
элчилике ишин тушпосун ишини бутурушпойт жардам деген жок мындай элчиликтин эмне кереги бар оз элине пайдасы болбосо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан