1988-жылы 23-майда айтылуу француз футболчусу Мишель Платини чоң футбол менен коштошкон. Ал карьерасында 3 ирет (1983, 1984, 1985) "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган. Кезинде франциялык "Нанси" (1972-1979-жылдары), "Сент-Этьенн" (1979-1982) жана италиялык "Ювентус" клубдарында ойногон.
Футболду таштагандан кийин, 1988-1992-жылдары Франция курама командасын машыктырган. 2007-жылы январда УЕФАнын президенти болуп шайланып, 4 жылдан соң кайрадан экинчи мөөнөткө бекитилген. Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) 2015-жылдын 24-мартында Австриянын Вена шаарында өткөн конгрессинде ошол учурдагы президент Мишель Платини кийинки 4 жылдык мөөнөткө шайланган.
2015-жылы ал Эл аралык футбол федерациясынын президенти (ФИФА) Йозеф Блаттер менен биргеликте 8 жылга футбол жаатында ишмердүүлүк жүргүзүү укугунан айрылган. Мындай чечимди иликтөөлөрдөн кийин ФИФАнын Этика боюнча комитети кабыл алган. Буга ири суммадагы акча чыры себеп болду.