SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Аарылардын "атасы" рекорд койду" аттуу видео жүктөлдү (ник: Brutality).
Аарынын бир чакканы эле кандай оорутат? Кай бирде аары чакканда аллергия пайда болуп, атайын дары-дармек ичкендер болот. Ал эми көп аары чакса, адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Кезектеги видео Кытайдын провинцияларынын биринде рекорд коюлгандыгы тууралуу. Анда бир адамдын денесине бир нече миңдеген аарылардын конуп турганын көрүүгө болот. Көзүн, мурдун аарылардан коргоочу эч нерсеси жок адам бир нече мүнөт аарылардын арасында калат. Албетте, мындай эрдик жасоо үчүн аарылар менен "достошуу" же алардын "атасына" айлануу зарыл. Маалыматтарга караганда, аарылар аларга кам көргөн кишини өз адамындай кабыл алышып, чагышпайт экен.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.