"Кинозал" бөлүмүндөгү "Миллиондук мелдеш-2" тасмасы 2014-жылы тартылган. Комедиялык мелодрама жанрында тартылган тасманын режиссёру - Сүйүн Откеев. Анда Гүлжигит Калыков, Эркеайым Абдуллаева, Гүлназ Мадаморова, Айсулуу Маликова сыяктуу жаш таланттар роль жаратышкан.
Тасма тууралуу Сүйүн Откеев буларга токтолду:
"Миллиондук мелдеш" тасмасынын биринчи бөлүгүндө балдар бир кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн күрөшүшсө, "Миллиондук мелдеш-2" тасмасында үч кыз бир жигит үчүн күрөшөт. Тасманы "Өч алуу" деп атап койсо да болот. Кандайча өч алуу болгонун тасманы көрүп, көрүүчүлөр түшүнүп алышат. Тасманы демөөрчү жок, өзүбүздүн каражатыбызга тарттык. Андыктан биринчи бөлүгүндөй ийгилик алып келген жок, себеби каражат жагынан тартыш болуп, көп жарнамалай алган жокпуз. Тасмада башкы каармандын образын жараткан ырчы Гүлжигит Калыков аябай жоопкерчиликтүү жигит экен, аны менен иштешүү кыйынчылык жараткан жок. Тартуу маалында убагында келип, берилген тапшырмаларды так аткарып жатты. Албетте, ал профессионал актёр эмес, бирок өзүнүн образын жеткиликтүү аткарып жатты".
Тасмада биринчи мелдеши ойдогудай бүтпөй калган Сапар, Эркин жана Темир кайрадан оюнду улантууну чечишет. Мелдештин кызыгына баткан достор мелдешке миллион коюп, шартын да өзгөртүшөт. Бул ирет үч бийкеч белгилүү ырчы мырза Ариеттин жүрөгүн багындырмакчы болушат. Эгерде кимиси мырзанын жүрөгүн багындырса, миллионго ошол адам ээлик кылат.
"Миллиондук мелдеш-2" тасмасын бул жерден көрүңүз.