Өкмөт жооп берет: Ден соолукка байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыккандарга акы кантип төлөнөт?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Мен башталгыч класстын мугалимимин. Декабрда кызым ооруп ооруканага жатууга туура келди. Жумуштан 7 күнгө ден соолукка байланыштуу эмгек өргүүсүн алдым. Айлык маянам аз чыкты, эмгекке жарамсыздык баракчамды өткөргөм (больничный листок), ошондо 560 сом чыгыптыр. Алган айлык акым 8000 сом. Кечээ жакында бир мугалимге эмгекке жарамсыздык баракчасы менен эмгек акы көбүрөөк төлөнүптүр. Мыйзам боюнча кандай болуш керек? Суроо калтырган Mahabatym...

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11 ноябрдагы №272-жобосунун (убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө) негизинде иш жүргүзүлөт.

Мыйзамдын негизинде мугалимдин ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүгө чыккан күндөн тартып, акыркы 3 айлык маянасын 3кө бөлүп, айлык маянанын орточо эсеби чыгарылат. Андан соң орто эсеп менен чыккан маянаны кайсы айда ден соолукка байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыккан болсо, ошол айдын жумуш күндөрүнө бөлөт. Чыккан сумманы канча күн эмгек өргүүгө чыккан болсо (мисалы, 7 күн дейли), ошончо күнгө көбөйтүп, эмгекке жарамсыздык акысы накталай чыгат. Мугалимдин эмгек тажрыйбасына карата акы төлөнүшү керек. Мыйзамдын негизинде мугалимдердин 8 жылдан жогору эмгек тажрыйбасы бар болсо, ага эмгекке жарамсыздык акысы 100 пайыз, ал эми тажрыйбасы андан азыраактарга 60 пайызы гана төлөнөт.

Суроого КРнын Блим берүү жана илим министрлигинин бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук бөлүмүнүн башчысы Бегайым Мураталиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан