Баткен облусунда Айдаркен чек ара кызматынын аскерлери таш түбүнө жашырылган мергенчилик куралды табышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чек арачылар куралды Шывран тоосундагы таш түбүнө катылып турган жеринен табышкан. Табылган курал жергиликтүү Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Териштирүү жүрүп жатат.