Бишкек мэриясы өткөргөн коллегияда 2017-жылдан тарта ысык сууну өчүрүү убактысын май айынан июль айына жылдыруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коллегияда борбор калаанын мэри Албек Ибраимов Бишкек жылуулук тармагы менен Жылуулук электр борборуна келерки жылдан тарта оңдоо иштерин 10-июлдан 10-августка чейин жүргүзүүгө даярдык көрүү тапшырмасын берди. Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана шаардык кызматтын башчылары катышкан.
"Май айында бала бакчалар, мектептер иштегендиктен, ысык суу зарылчылыгы келип чыгат экен. Ысык суу өчүрүү убактысын жай мезгилине жылдырсак, шаар тургундарына ыңгайлуу болот, анткени жайында ысык сууга караганда муздак суу көбүрөөк колдонулат. Муну менен катар мэрия тарабынан оңдоп-түзөө иштерин кыска убакытта бүтүрө алышат", - дейт Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, быйыл 10-майдан 10-июнга чейин ысык суу берүү токтотулган.