Акыркы коңгуроодо коомдук тартипти 3 миңден ашык милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Өлкөдө Акыркы коңгуроого байланышкан салтанаттар учурунда 26-27-майда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 3500дөн ашуун милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн бардык аймактарында өз убагында чара көрүү максатында милиция кызматкерлеринен турган мобилдик топтор түзүлгөн. Муну менен катар мектептерде тартипти камсыздоо жана окуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик райондук, аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлдү. Ошондой эле милиция жайкы мезгилде кечки саат 23:00дөн таңкы 6:00гө чейин жашы жете электерге чоңдордун коштоосу жок көчөдө жүрүүсүнө тыюу салынарын эскертүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jazi89
2016-05-23 15:09:27
Жарайт ушинтип карап тартипти сакташ керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан