СУПЕРСТАН: "Мен "патриот" деген атка жамынгандардын кыздарды ур-токмокко алуусуна каршымын"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жаш кызды жигиттер токмоктоп жатканын көрсөңүз, токтотот белеңиз?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Андай учурда кайдыгер өтпөйм. "Патриот" деген атка жамынгандардын кыздарды ур-токмокко алуусуна каршымын, тарбиялык саатын колдойм жана кыздарга эле эмес, кээ бир эркектерге да өткөрүш керек".

"Ооба, эмне болуп жатканын билип, токтотууга аракет жасайт элем. Бирок мындай кырдаалга туш боло элекмин".

"Ошол "патриотторго" чара көрүш керек. Тим эле кыйратып эли-жери үчүн бир нерсе жасагандай көптү го. Алсыз кызды сабаганды патриоттуулук деп ойлошобу?"

"Ал "патриоттор" чыныгы патриоттор эмес, алар каракчылар. Ошол жакка иштейм деп барган балдар мындай ишке эч качан аралашпайт. Бул өздөрүн патриот атагандар - майда-барат бейбаштар. Алар Орусияда маңдай тери менен акча табышкан жок. Ошол жактан дагы биздин эле кыргыздарды тоношуп, балдарды коркутуп-үркүтүшөт. Арасында спорт мектептерин аяктагандар дагы бар. Ошол кыздарыбыз бузулуп кеткен күндө дагы тарбиялаганга булардын эч кандай укуктары жок".

"Биринчиден, ынсапты ар бир адамдын өзүнө берсин. Эмне болгон күндө да адамдын эркин күч менен эч убакта тыюуга болбойт, болсо да убактылуу эле. "Патриотторго" келсек, алардын кылганын туура көрбөйм, себеби башка өлкөдө кыз-келиндердин иштешине, биринчиден, биз, эркектер күнөөлүүбүз".

"Токтотконго күчүм жетпегендиктен жана үйдө мени күтүп отурган балдарым бар болгондуктан, милиция, "Тез жардам" чакырмакмын. Эгер көчөдө эч ким жок болсо, ошол жерде жашагандардын каалгасын какмакмын, такыр болбой баратса "Милиция! Качкыла!" деп кыйкырмакмын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
barpy
2016-05-23 16:20:42
Мен патриотторду колдойм, анткени бузулган кыздар абдан кобойуп кетти, же ошол журушунон кысылып уялганын корбойсун. Кайда кыргыз болсо, ошол жерде бузулган кыздар табылат Кыргызстан, Россиядан тарта Африка, Австралияга чейин. Кочодо тажик, озбек, орус, турк менен бараткан кыргыз кыздарды коруп намыстанат экенсин. Аларга турмушка чыкса бир жон, никеси жок эле утурумдук жыргалчылыгы, акча учун алар менен зынакорлукка барып жатпайбы, ххх ххх ххх... Айтсан кайра сени жаман корот...
+1
admin_portal
2016-05-23 16:33:23
barpy, коомдук адепке туура келбеген сөздөргө тыюу салынат! Оозеки эскертүү!
0
barpy
2016-05-23 16:29:13
Кыз деген атына заты жарашкан, назик, абийирдуу болсо. Кай бироолор айтат, кыздардын бузулушуна эркектер куноолуу деп. Жок, ага оздору куноолуу, башында акалы кем, алты саны аман турганда мээнет кылып жан багууну каалабай женил ойлуулук менен арам оокат, зынакорлукту тандап алган. Анан аларга татыктуу тарбия бербеген же аракечтиктен, сериалдардан колу бошобой тарбиялоого убакыт таппаган ата-энелери куноолуу кыздардын..
0
barpy
2016-05-23 16:39:13
Азыр ата-энелер куйоо баласы кызын 1-2 жолу жаакка шапалак менен чапканы учун ажыраштырып алып жатышат кызынын эртенки тагдырын ойлобой же оздору кызына жакшы тарбия бере албаганын мойнуна албай.. Ажырашкан кызы кийин Россияга барат да ар кимдин ХХХ ХХХ кор болот. Мен бардык ажырашкан кыз зына жолуна тушот деп айтпайм, бирок учурда ар учунчу нике ажырашуу менен аяктоодо, ал эми ажырашкан кыздардын 50-70%ти никесиз зынакорлукка барат кыргыз же башка улуттагылар менен..
+2
admin_portal
2016-05-23 16:44:20
barpy, эскертүүгө карабастан, эреже бузганыңыз үчүн 2 саат БАН!
0
Bereke10
2016-05-24 11:51:12
Баарынар эле кыздарды болушунча жамандапсынар го.Эмне эркектер баары "ЗЫНКпы"? Чырактай келинчегин,бала-чакасын таштап башкалар менен журуп же бала-чакасы менен жашап журуп деле ойнош ойногондор азбы? Анда патриот айымдар да чыгыш керекпи ошондойлордун сазайынын бергени? Эркектер жакшы болсо кыз-келиндер жаман жолго барышпайт."Кайсыл элдин жудоо корсон зайыбын, Ошол элдин уулуна кой айыбын" деген накыл кеп бар Андыктан куноо эркектерде. Ал эми патриоттор-булар намысы жок ка
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан