Британиялык астронавт космостон кыргыз өлкөсүн сүрөткө тартып алды (фото)

Британиялык астронавт Тим Пик Эл аралык космостук станциянын бортунан тартып алган кыргыз жеринин сүрөттөрүн Twitter жана Facebook баракчаларына жарыялады. Космостук станция Кыргыз Республикасынын үстүнөн баратканда сүрөткө тартылган. Анда түнкү убакыттагы Ала-Тоонун тоо кыркалары жана кереметүү Ысык-Көл көрүнүп турат.

Тим Пиктин сүрөттөрү "Ай жарыгындагы кыргыз жеринин тоолору" деген комментарий менен коштолгон.

Астронавттын Facebook баракчасындагы сүрөтүнө 20 сааттын ичинде 6916 "лайк" басылып, 319 ирет "бөлүшүү" болгон.

Тим Пик Улуу Британиядан "Союз ТМА-19М" кемесинин бортуна чыккан жана Британиядан космостук станцияда иштеп жаткан алгачкы мырза болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
eldar.
2016-05-23 16:02:07
Жакшы, жакшы.
+7
Kadyrbek09.10.2015
2016-05-23 16:13:44
Укмушко бийиктен караганда
+2
boke88
2016-05-23 16:36:29
кооз коруноткен космостонда.
+2
aidana96
2016-05-23 16:47:23
Сонун жанылык суйунуп атам, Кыргызстан кандай гана керемет, кооз жер.Биздин жерди суротко тартканына абдан кубанып атам.
+12
Kani1994
2016-05-23 16:52:01
оо КЫРГЫЗ жергесин тартуучулар да чыгат экен да!
+3
Aman97kg
2016-05-23 17:38:55
Soonun janylykgo
+3
Beki092
2016-05-23 17:53:01
Кандай керемет жер ушундай кооз жерде жашап жатканыбызга Аллахга шугур кылышыбыз керек
+5
mandalak
2016-05-23 17:53:09
Свет өчүп турган кезде тартып алган экен ээ ))) Казакстанда свет бар аа бизде карангы ))
-2
bazar
2016-05-23 18:59:21
Экинчи фотосу ачпайт го
-2
Gema
2016-05-23 21:42:49
Сонун ошонда колдун сол жагындагы Алматы да э?
0
bom.bon
2016-05-24 16:04:41
Космостон ,космосту суротко тартып алган турбайбы;)
0
ss90
2016-05-25 10:01:54
эн жакшы!!!Окуп алып кудундап атам)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан