Нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-майдан 27-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ысык-Көл аймагында жана тоолуу аймактарда шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.