"Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу, шаңдуу клиптердин бири - Минюра Рахимжанованын "Таңшы комуз" ырынын клиби. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Клиптен комуздун жасалышын жана чоң ата небересине комуз чертүүнү үйрөтүп, өзү да чертип жатканын көрүүгө болот. Комуз черткен жаш баланын эрезеге жеткени да көрсөтүлөт. Бул клип комуз жөнүндө, комузду, комузчуларды барктаган, даңазалаган клип. Клиптеги каармандардын кийимдери заманбап этникалык стилде тигилген. Анда мен талаада секирип ойноп, бийлеп жүргөн, тентек, эрке кыздын образын чагылдыргам".
Минюра Рахимжанованын "Таңшы комуз" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.