Бишкектеги Чортеков-Айни-Муромский көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылына шарт түзүлдү

Бүгүн, 23-майда Бишкектеги Чортеков-Айни-Муромский көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, аталган көчөлөрдөгү айланма жол Бишкек кайгуул милиция башкармалыгынын сунушу менен коюлуп, "Бишкек асфальтсервис" муниципалдык ишканасы бетон тосмолорду орнотту, 25 жол белгисин коюп, жол чийиндерин түшүрдү. Ал эми "Бишкек жарык" ишканасы аталган жолду жарыктандырды. Кайгуул милициясы алгачкы күндөрү аталган жолго нөөмөт уюштурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
hann
2016-05-23 21:57:00
Ушинтип эле акырындан жыла берсек шаарыбыз коркко келет да. Чонураак отуруп алса деле пикет митинг деп башаламан уюштура бербей....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан