Кыргыз кыздары Түштүк Кореяда болуп өткөн улуттар арасындагы маданий сынакта баш байгени утуп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жумабай Улукбеков билдирди.
"Кызым Түштүк Кореядагы университеттердин биринде англис тилинен сабак берет. Өткөн жумада болгон улуттар арасындагы маданий сынакта 2 кыргыз кызы: Гүлмира Кулбаева жана менин кызым Аида Улукбекова "Кара жорго" бийин бийлеп, баш байгени утуп алды. Сыйлыкка 3 миллион вон (болжол менен 172 миң сом) берилиптир", - дейт Ж.Улукбеков.