Кыргыз жеринде биринчи спутниктик каргы (адатта кайыштан жасалып, иттин моюнуна байланат) Сары-Чат-Ээр-Таш коругунда 2015-жылдын октябрь айында эркек ак илбирске тагылган. Эми май айынын башында сейрек кездешүүчү жаныбардын ургаачысына каргы тагууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу 23-майда SUPER.KG порталына Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин басма сөз катчысы Салайдин Камалов билдирди. Мындай иш-аракет сейрек кездешүүчү жаныбарды коргоого багытталган.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов мындай иш-чаранын максаты илбирстин көбөйүшүнө шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле каргынын салмагы 600 грамм экенин, анын аккумулятору 20 айга чейин жетерин айтты.
"Спутниктик каргы менен адистер илбирстин эмне менен тамактанып жатканын, кандай жүргөнүн байкай алышат. Ошондой эле алар кооптуу кырдаалга туш келишсе, ыкчам түрдө жардам бере алышат. Каргы жаныбардын активдүүлүгүнө эч кандай таасир бербейт", - дейт Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси.
Белгилей кетсек, ак илбирс бүгүнкү күндө сейрек жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарында турат. Ал Эл аралык жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендиктен, ага аңчылык кылууга тыюу салынган. "Барс" атайын тобунун жана табиятты сактоо бирикмесинин маалыматына таянсак, кыргыз жеринде ак илбирстин саны 300гө жакын.