Ырчы Гүлжигит Калыков жүздөгөн адамдын алдында сүйүктүүсү Айперинин колун сурап, шакек салды

Кечээ, 23-майда Бишкектеги тойканалардын биринде алып баруучу Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбековдун үйлөнүү тою болуп өттү. Конок катары чакырылган "Евразия жылдызы", ырчы Гүлжигит Калыков сүйүктүүсү Айпери менен сүйлөшүп жүргөнүнө туура 4 жыл болгонун айтты.

"Мен дагы Максат жездем менен Нурзат эжемден үлгү алганы турам, себеби жигит жетилгенде үйлөнүп, үй-бүлө курушу керек экен. Азыр сиздердин алдыңыздарда, ушул ыйык залдан сүйлөшкөн кызым Айперинин колун сурагым келип турат", - деп жүздөгөн коноктун алдына сүйүктүүсүн чакырып, чөгөлөп отуруп "Мага турмушка чыгууга макулсуңбу?" деп сурап, колуна шакек салды жана 101 роза тартуулады. Андан соң кыз "макул" деген жообун берди.

"Айперинин колун тойканадан сураганымдын себеби, бул жерде канчалаган жакшылыктар өтүп жатат. Ошондуктан ал ырыскы бизге дагы жуксун, биз дагы жакшы, ыймандуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайлы деген ниетте ушул жерден сүйүктүүмдүн колун сурадым. Кудайым кааласа, жай айларынын биринде той болот", - дейт толкунданган ырчы Гүлжигит Калыков.

Гүлжигит Калыков сүйүктүүсүнүн колун сурап, жүздөгөн адамдын алдында шакек салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Mediziner
2016-05-24 14:25:12
Алдын ала сүйлөшүп алышкан бейм, Айпери тойго "таажысы" менен келгенге караганда.)
Бактылуу болушсун, татынакай кыз экен.
+1
barpy
2016-05-24 14:31:38
Алдын ала баары пландалып даярдалган Шоу, пиар!!!

Азыр ырчылар ырлары, таланты менен эмес, жеке жашоосу, ушундай пиарлары, "шоулары" менен элдин конулун оздоруно буруп келет. А негизи баары тескери болушу керек, эл ырчыны таланты, чыгармалары учун баалап, ал эми жеке жашоосу кошого артында, сыр бойдон калганы дурус...
0
tokish
2016-05-24 15:05:06
barpy,туура айтасын! Сага кошулам. Ушундай ырчылар кобойуп кетти. Бул тойго кандай тиешеси бар дейм да. Бут баары шоу, пиар!!!!
+2
ulan2016
2016-05-24 14:32:24
бакыт каалап,кармашкан колдору узулбосун!Алла таалам сиздерге баакубат жашоо берсин!
+3
guljigitt
2016-05-24 15:06:35
Акча акча жана акча
0
zolotoiolen
2016-05-24 15:10:05
Бугун Нурзат эже мн Максаттын тойу болуп жатса кызын чакырып не в тему колун сурап озунчо Гулжигиттин майрамы болуп кетти го.Тамак аш даяр, ырчы бийчилердин баары бар оной кутулайын деген го. Жок дегенде той ээлерин сыйлап койсо болмок.
+2
tokish
2016-05-24 15:10:06
Эркектер ушинтип эле моюнга мингизип алабыз да. )))))) Негизи Гулжигит жакшы жигит жонокой. Бирок тиги суйуктуусу Гулжигиттин жанында жургонго эле "звезда" болуп кеткен Окшойт. )))) Илгери Чубак Сатаев катуу дуркуроп жылдыз болуп турганда озу эмес, жанында машина айдап аппаратура ташып жургондор ото катуу "звезда" болуп кетишиптир дегендей. ))))))
+2
kepka
2016-05-26 13:54:48
tokish, бактылуу болгула азаматсын озгочо эсте каларлуу болуптур деп эле койолу анчалык ичибиз тар болбосо
0
Aruwka.89
2016-05-24 15:44:06
Бактылуу болушсун
Гулжигит красавчикда,жагат!
+1
Gulnur1980
2016-05-24 16:15:52
Баарынарга эки дунуйо бактылуулук каалайм!Бажырап балалуу чакалуу болуп озунордон кобойуп эле жатып калгыла ылайым!Азаматсынар тоюнар тойго улансын!!!
+3
EKUW
2016-05-24 17:01:05
Супер! Мен ыйлагым келип кетти.
Нэна зажигает)))
+2
Medina..
2016-05-24 20:06:58
myncha baktyluu))
0
Aizat87
2016-05-25 00:35:47
Бактылуу болгула, түбөлүктүү кармашкан колуңар үзүлбөсүн!
0
Ibi86kg
2016-05-25 06:15:14
Бактылуу болушсун жакшы жакшы.
0
LadyD
2016-05-25 09:09:56
экоо супсулуу болуп окшош экен
+1
LadyD
2016-05-25 09:11:36
Нэна, Самат, Курал олло тытышат экен, соонун... )))
+3
ss90
2016-05-25 09:50:02
ааай ийй кайсыл коментти окубайын урушкандар...((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан