Бийиктиктен парашют менен түшүп, сүйүүсүн билдирмек болгон кытайлык жаран дарактын бутактарына илинип калды

Кытайдын Ичан шаарынын тургуну (аты аталбайт) сүйүктүү кызына сүйүүсүн билдирмек болуп, бирок ал тилеги таш капкан. Жигиттин түзгөн планы боюнча, "Гоу Хунюнь, мага турмушка чык!" деген жазуусу бар парашют менен учуп келмек да, жерге конгондон кийин кызга атайын гүл бермекчи болгон. Бирок шамал анын түзгөн планын жокко чыгарып, жигит өзү парашюту менен дарактын бутактарына илинип калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.

Өз алдынча жерге түшүүгө мүмкүн болбогондуктан, ал өрт өчүрүү кызматындагыларды бир сааттай күткөн. Атайын крандын жардамы менен аны дарактан алып чыгышкандан кийин алгачкы планын ишке ашырууга киришкен. Сүйүктүүсүнө тизе бүгүп, атайын даярдалган гүлдү берген, бирок мында да анын жолу болбой калат. Себеби кыз жигиттин турмушка чыгуу сунушуна жооп бербей, бурулуп алып кетип калат.

21-майда болуп өткөн окуя интернет тармагында кызуу талкууга алынган. Көптөгөн интернет колдонуучулар кызды колдогон билдирүүлөрдү жазышып, жигиттин "эрдигин" аша чапкандык деп баалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aiba_00
2016-05-24 10:30:27
Гулжигитке окшоп эле сурап коюш керек эле да.
+5
12.12.12
2016-05-24 11:06:25
ха-хаа байкуш жолу болбой калыптыр да. А Гүлжигит азмат))
+1
Arslan12
2016-05-24 11:15:03
Колунан келген нерсени кылбаптыр да, парашют китайский го чамасы)))
+4
GULZAT.83
2016-05-24 13:57:48
Arslan12,Кытайда кытай жараны болуп атпайбы демек парашютуда кытайскийда
+1
bobi
2016-05-24 11:58:22
Комедия го жөн эле
0
aksy-beka
2016-05-24 13:07:46
Романтик го бул байкебиз
+1
Ulan_eshbaev87
2016-05-24 14:03:43
Суйууусуда кытайский болуптурда анда )))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан