Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылып, азыркы күндөгү көрүнүш боюнча да өз оюн айтты. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.
Адабият тууралуу сөз козголгон жайда казак министри төмөнкүлөрдү айткан: "Жашырганда эмне, Москвага же Орусиянын башка шаарларына барсаң, коомдук даараткананы кыргыз кыздары тазалап жүрүшөт. Бул өкүнүчтүү. Албетте, өлкөдө жумуш жок болсо, келечек жок болсо, көптөгөн кыргыздар чет өлкөгө кетүүгө мажбур болушат да".
Ал эми Чыңгыз Айтматов тууралуу узатылган суроого жооп кайтарып жатып Арыстанбек Мухамедиулы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуганда башкача таасир аларын айтты. "Өзгөчө "Ак кеме" повести. Жаш кезде "Ак кемени" окуганда сүйүү, эрдик күтөсүң. Азыр болсо окуп жатканда денеңди калтырак басат. Айтматов улуу жазуучу гана эмес, пайгамбар, көсөм адам болгон. Тилекке каршы, анын мамлекети жана анын эли кайда баратат? Бүгүнкү күндө кыргыз жеринде болуп жаткан окуяларды ал 20-кылымдын ортосунда сезип, түшүндүргөн. Ал өз элине акылсыздык кылбоо боюнча эскертүү бергиси келген", - дейт.