SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлөнүн чыныгы башчысы - аял киши" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен мындайды көп эле үй-бүлөлөрдөн көрдүм. Бизде да ошондой, үйдө менин айтканым болот, эмне кылгым келсе, баары бир жолдошумду көндүрүп, айтканымды кылдырам".
"Үй-бүлөнүн чыныгы башчысы - аял киши" дегендер катуу жаңылышат, эч качан аял эринен мурун башчы боло албайт, үй-бүлөдө эркек, эр - башчы".
"Аял башкаргыдай энеолит доору беле? Эне башкарган үй-бүлө баш аламан болот".
"Үй-бүлө башчысы - эркек киши. Ал эми аял болсо аны жандап жүргөн жакын кеңешчиси".
"Үй-бүлө - бул коомчулуктун өзөгү сыяктуу. Эркек үйдүн - түркүгү, аял - үйдүн куту, экөө тең бир кемеде бир багытты, максатты көздөй сүзүп бараткан жолоочуга окшош. "Бийлик меники, сеники" деп талашууга болбойт. Тынч, бейпил кичи мамлекет түзүп, ошол мамлекетти андан ары өнүктүрүп алып кетүү. Мында аялдын да, эркектин да эмгеги талап кылынат. Бирок кантсе да эркек аялды коргоочу, асыроочу, багуучу адам болгондуктан, үй-бүлөлүк так ар дайым анын колунда болуп келген жана боло бермекчи".
"Ар бир улуу инсандын артында аял турат".
"Мен билгенден көп эле эркектер көп жыл жашагандан кийин баш иймек турсун, улуу баласына да айланып калышат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.