Горький атындагы №8-мектебинде Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан Акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүү боюнча жыйын уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 27-майында өтчү Акыркы коңгуроо майрамын өткөрүү жөнүндө кеңири талкуу болду. Анда окуучулардын мектеп короосунун сыртында топтолуп ар кандай кечелерди уюштуруусу, акча каражаттарын топтоосу, машиналар менен шаар айлануусу тыкыр көзөмөлгө алынып, тыюу салынды. Ошондой эле окуучулардын коопсуздугунун сакталуусу мектеп директорлоруна эскертилди.
“Билим берүү жана илим министрлигинин бул буйругу окуучулардын коопсуздугун сактоо, ашыкча чыгашаларды тыюунун бир кадамы болуп саналат. Учурда буйрукту аткарууга окуучулар эмес, ата-энелер тарабынан тоскоолдуктар жаралууда”, - деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жеңиш Байзаков.