Бишкек шаары "КВН-55" желек эстафетасына катышат

Ушул жылдын февраль айында олимпиадалык оттун КВНдик аналогу башталган. Ал 10-ноябрда Москва шаарында аяктап, эстафетанын желеги жалпы 75 шаарды кыдырат. Желек Бишкек шаарына да ушул жылдын 11-октябрында алынып келет. Бишкекке чейин желекти Астана кабыл алат, ал эми Бишкек шаарынан кийин Омскиге жөнөйт. Бул тууралуу маалымат КВНдин расмий сайтында жарыяланды.

"КВН-55" - оюндун мааракелик жылындагы маанилүү иш-чаралардын бири. Бул олимпиадалык оттун КВНдик аналогу болуп эсептелет. Анын алкагында клубдун желеги Эл аралык союздун лигасы бар 75 шаарды кыдырат (87 Эл аралык союздун лигасы бар)", - деп жазылат маалыматта.

Эстафета 16-февралда Москвада өткөн жаңы сезондун оюнунда башталган. Желек учурда Брянск шаарында. Ал 12-ноябрда Москвада өтүүчү КВНдин 55 жылдыгына арналган салтанатында илинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
hann
2016-05-24 14:22:59
Бул иш чара сыймыгыбыз болгон Азия Мих командасынын талыкпаган эмгегинин аркасында Бишкекке желек келип жатса керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан