Өлкө аймагындагы 7 университет студенттерди алмашып билим берүү, байланышты чыңдоо боюнча макулдашышты

Ошто Тарых жана маданият жылына арналган "Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!" аттуу республикалык ЖОЖдор арасындагы таланттуу студенттердин достук фестивалы орун алды. Иш-чара алкагында республиканын жети дубанында жайгашкан жети мамлекеттик университеттин ректорлору “Ош декларациясына” кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда ОшМУнун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, декларацияга университеттер аралык ички академиялык мобилдүүлүктү чыңдоо максатында кол коюлду. Декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлорунун сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бирине алмашуу менен конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-концеренцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү иш-аракеттери камтылган.

Эң негизгиси, бул жети окуу жай: Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети, Ош гуманитардык-педагогикалык институту биргелешип эл аралык ири долбоорлорду ишке ашырууга, биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aizat87
2016-05-25 00:22:10
Жакшы жаңылык экен, ийгилик жана ийгилик,болгону: кана эми Универлерде коррупция жоюлса мынданда жакшы болмок келечекке!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан