25-майда Бишкекте “Айыл-агро-2016” Эл аралык көргөзмөсү орун алат. Учурда иш-чарага кызуу даярдык көрүлүүдө.
Аталган иш-чара Айыл чарба министрлиги тарабынан төртүнчү ирет уюштурулууда. Көргөзмөгө 20 өлкөдөн 30дан ашык айыл чарба техникалары, биотехнология, өсүмдүктөрдү химиялык жана биологиялык жактан коргоочу каражаттар, ветеринардык дарылар жана мал чарбасына керектүү каражаттар көрсөтүлөт. Быйылкы көргөзмөгө 2 заманбап айыл чарба техникасы кошулду. Муну көргөзмөнүн техникалык жактан уюштуруучусу Ольга Ермилова билдирди.
“Көргөзмөгө учурда Япония, Германия, АКШ, Орусия жана башка мамлекеттердин айыл чарба техникасын чыгарган заводдор катышат. Иш-чарада айыл чарба техникаларынын бардык түрү, сокодон баштап дан комбайндарына чейин көрсөтүлөт. Ошондой эле былтыркыга салыштырмалуу быйылкы көргөзмөдө заман талабына жараша дыйкандардын жумушун жеңилдеткен жаңы техникалар келди”, - дейт Ольга Ермилова.
Ошондой эле эртеңки иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан дыйкандар келип, боз үй тигишүүдө. Ар бир облус өзүнө таандык жер-жемиштерин, кайра иштетүүчү өнөр жай продукцияларын тартуулашат. Баткенден келген Алишер Сейдакматовдун айтымында, көргөзмөдө Баткендин кургатылган өрүгүнүн түрлөрү, мейиз жана күрүч болот.
“Биздин аймакта эмне эгилсе, ошонун баарын көргөзмөдө көрсөтөбүз. Мисалы, кургатылган өрүктүн 8 түрүн, мейиз жана күрүчтүн 4 түрүн көрсөтөбүз”, - дейт Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Сейдакматов.