Дүйнөгө белгилүү "Gallup" уюму "Кыргыз Республикасынын эли туура багытта баратабы?" деген сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. Сурамжылоону уюм Эл аралык республикалык институт үчүн жүргүзгөн. Маалыматка таянсак, Эл аралык республикалык институт - 1983-жылы дүйнөдөгү демократияны өнүктүрүү максатында түзүлгөн америкалык уюм. Ал сурамжылоону 20 жылдан бери жыл сайын дүйнөнүн 60 өлкөсүндө өткөрүп келет.
Жалпы сурамжылоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында "Кыргыз Республикасы саясий жана экономикалык туура багытта бара жатат" деген маалымат жарыяланды. Жарандардын 65 пайызы мамлекет туура багытта бара жатканын айтышса, 57 пайызы өлкөдө демократия өнүгүп жатканын белгилешкен. Мындан 3 жыл мурунку сурамжылоодо өлкөнүн ар бир экинчи жараны мамлекет туура эмес багытта бара жатканын белгилеген. “Сиз демократияны тандайсызбы же дүркүрөп өскөн экономиканыбы?” деген суроого жарандардын 68 пайызы “экономиканы тандайбыз” деп жооп беришкен. Ал эми демократияны колдогондор 25 пайыздан ашкан эмес.
Башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыргыз жергесинин тургундары оптимисттик көз карашта. Башка мамлекеттерде элдин 11-19 пайызы гана өлкөсү туура жолдо баратат деп эсептейт.
Мындан тышкары сурамжылоого катышкан ар бир 5 жарандын төртөөсү президент Алмазбек Атамбаевдин жасап жаткан ишин колдой тургандыктарын билдиришкен. Бул былтыркыга караганда 3 пайызга көп. Жалпылап алганда, президентти жарандардын 78 пайызы колдогон.
Сурамжылоо жүргүзүлгөн маалда ар бир экинчи адам жумушсуздук жана жумуш ордуларын түзүү башкы көйгөй экенин айтышкан. Ар бир үчүнчү адам коррупцияны негизги маселе катары эсептешерин белгилешкен. Андан сырткары миграция, чек арадагы кырдаал, экстремизм жана башка көйгөйлөр да айтылган. Шаарларда жана айылдарда башкы маселе катары жолдордун сапаты, ичүүсү суунун таңсыктыгы жана жумушсуздук көйгөйлөрү айтылган.
Сурамжылоо бүткүл өлкө боюнча үстүбүздөгү жылдын мартында жүргүзүлүп, ага жалпысынан 1500 адам катышкан.