"Кыргыз жерине келиңиз! Себеби бул өлкө жакында Швейцария, Италия же Жаңы Зеландияга айланат" дейт Орусиядан келген турист (фото)

Орусиядан кыргыз жерине келген турист Константин Бышевой Facebook социалдык тармагына кыргыз жеринде тартылган сүрөттөрүн жүктөп, кыргыз өлкөсү, эли, жери тууралуу жагымдуу пикирин калтырды.

"Кыргыз өлкөсү тууралуу кыскача... Эгерде сиз ал жакта болгон эмес болсоңуз, тез арада билет сатып алыңыз. Себеби бул өлкө жакында Швейцария, Италия же Жаңы Зеландияга айланат. Ал үчүн бардык шарттар бар. Чоң туристтик бизнес жана дүйнөлүк мейманканалар орун алат. Азырынча ал бойго жеткен кыз сыяктуу, өзүнчө бир башкача, жаңы, жадакалса уникалдуу. Кыргыз өлкөсү көркөм, кооз, мыкты өлкө. Сулуулукка толгон жана туристтин тынчын алган паспортко штамп бастыруу деген жок. Боорукер эл, орус тили, эң мыкты тамак жана күлкүлүү (азырынча) баалар.

Ысык-Көл - сөз жок, чыныгы кубаныч. Албетте, жагымсыз жактары да бар: анча жакшы эмес мейманканалар, начар жолдор, мындан он жыл мурда болушу керек болгон инфраструктура анча өнүккөн эмес. Мүмкүн, бул да болсо кыргыз өлкөсүнүн фишкасыдыр?

Кыргыз элинин мыкты жакка өзгөрүүгө ниети бар экендиги байкалат. Дагы бир аз убакыт өткөндө кыргыз өлкөсү туризмдин "Меккесине" айланат деп ишенем. Дагы бир ирет келип, лыжа тээп, балык уулап, тоого чыгып, дүйнөдөгү эң мыкты самсаны жейм деп да ишенем.

Кыргыз өлкөсү, мен сени сүйүп калдым! Чын айтып жатам. Ошондой эле чыныгы кыргыз жана мыкты жигит Санжар Урсеитовго рахмат, жакында кайтып келебиз.

Жакында "Живая планета" телеканалынан кыргыз өлкөсү жана бул сыйкырдуу өлкөдөгү жандуу символдор тууралуу чоң фильмди көрө аласыздар", - деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
stimyl.kg
2016-05-24 16:57:10
Швецария болоорун билбейт экенмин,бирок Кыргыз Жери эн сонун Керемет жер! Ар бир кыргыз жараны сыймыктануусу керек.
+3
ekaterinburg
2016-05-24 16:59:53
Бул деген ото чон сыймык!Мактаса мадырайып каласын чиркин)))))
+2
aidana96
2016-05-24 17:09:38
Кыргызстан кандай гана керемет, кооз жер.Коргон адам суктанып карайт.
+1
salmankg13
2016-05-24 17:49:13
соонун чыгыптыр олкобуз
+1
ulan4ik.80
2016-05-24 17:54:05
Кыргыздарды Россияадан алдап чакырып чыгарып алайлы деп жатышатко орустарга:-D 66666
-6
Shek
2016-05-24 19:38:42
Эн сонун олкобуз бар..биз мекенибиздин баркын билбейбиз качан бироо келип жаннат экен десе ошондо сезип атабыз деп бактыя дамыла айтып журот..биздин олко бейиш баркына жетпейбизда...
0
berekem15
2016-05-24 20:35:43
Кандай кооз керемет коз коруп тойгус жаратылышыбыз бар эч нерсеге тенкелгис.
-1
Moskva.kg
2016-05-24 22:06:24
Биздин жерди даназалап жатканына рахмат айтабыз буйруса болот
+2
Aizat87
2016-05-25 00:10:13
Буйруса Кыргызстаным өнүгөт,кандай гана сонун сөздөр айтылган, жакшы ниет жарым ырыс демекчи эч качан үмүтүбүздү үзбөйлү!
+2
Usow
2016-05-25 08:15:12
Абдан жакшы болот эле
-2
SeN_Sulusun
2016-05-25 08:26:05
Кудага Шугур Кыргыз жери сонун адбан кооз озубуз барктайлы !
-2
Супер саяк
2016-05-25 09:11:24
Ушундай биздин дареке айтылган жылуу создор адамдын конулун которот.
+1
ss90
2016-05-25 10:08:43
Аллага шугур!!!абдан кубанып отурам)))
-2
admin_portal
2016-05-25 10:41:36
kgalik, провокацияга тыюу салынат! 10 күн БАН!
-2
Jaka1978
2016-05-25 11:50:19
Эн Соонун,суйунуп жатам,чынынды баалар салыштырмалуу кулкулуу да,дагы кооз жерлерди корбоптур,ыссык-колду эле айланган го,дагы,дагы ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан