"Айчүрөк" соода борборунан (ЦУМ) менен жер астындагы өтмөккө чейинки аралыкка (гүлдөр тигилген аллея) сүрөт галереясын салуу сунушталды. Бул долбоорду Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жетектеген Шаар куруу кеңешинде "Айчүрөк" соода борборунун архитектору сунуштаган. Бул тууралуу бүгүн, 24- майда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шаардык кеңеш бул жайга II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата убактылуу боз үйлөрдү тигүү боюнча чечим чыгарган. Ал эми сүрөт галереясы боюнча маселе Көчмөндөр оюндары аяктагандан кийин башталышы мүмкүн.