СССРдин Эл артисти Иосиф Кобзондун 80 жылдыгына карата Бишкек мэриясы тарабынан артистке "Бишкектин ардактуу атуулу" наамы тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Ардактуу атуул" наамы мэр Албек Ибраимов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев тарабынан Орусиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Андрей Крутького тапшырылды. Элчи өз кезегинде "Ардактуу атуул" төш белгисин Иосиф Кобзондун 80 жылдыгында бере турганын айтып, "ал сөзсүз бишкектиктер үчүн ырдап берет" деп кошумчалады.