Саламаттыкты сактоо министрлиги менен "Самсунг-Сеул" медицина борборунун дарыгерлери 23-майдан 27-майга чейин Бишкек жана Чүй аймагынын тургундарын бекер тейлешүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага Түштүк Кореядан трансплантолог, кардиолог, ревматолог, реаниматолог, радиолог, педиатр, дерматолог, гинеколог адистери келишкен. Алар Бишкектин төмөнкү медициналык мекемелеринде шаар тургундарын кабыл алышууда:
- №6-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору (дерматолог, педиатр, гинеколог, радиолог);
- Улуттук хирургия жана терапия борбору (кардиолог, ревматолог);
- Улуттук хирургиялык борбору (боор трансплантологу, балдар трансплантологу).
Аталган иш-чара 27-майда Ысык-Ата районунун Алмалуу айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборунда болот. Мында Кореядан келген бардык адистер калкты акысыз тейлеп, ошондой эле жергиликтүү дарыгерлерге мастер-класс өткөрүлөт.