Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры президент Алмазбек Атамбаевден чакан автобус алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан бүгүн, 24-майда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чакан автобус сатып алуу үчүн өлкө башчысы КРнын Президентинин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 000 000 (бир миллион) сом бөлгөн.