Өлкөдө 2015-жылы 22 513 аборт катталган
Өлкөдө 2015-жылы 22 513 аборт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кош бойлуу болгонуна 12 жума боло элек 19 349 аял боюнан алдырган.
"Ошондой эле 3246 медикаментоздук аборт (6-7 аптада болгон аборт) катталган. Социалдык шарттарга байланыштуу (абактагылар, үйдүн жоктугу, зордуктоо) 117 аял операция жасатса, медиктердин көрсөтмөсү менен 116 аял боюнан алдырган", - дейт басма сөз кызматы.