Жети-Өгүз районунда окуучунун өлүмүнөн улам С.Абдракманов атындагы мектептин директору жана каза болгон окуучунун класс жетекчиси иштен алынды. Маалыматты 25-майда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Мектеп директорунун милдетин аткаруу мекеменин директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарына жүктөлдү. Факт боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Эскерте кетсек, 21-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда классташтары менен тоого эс алууга чыккан 5-класстын окуучусу дарыяга түшүп кетип каза болгон.