Бишкек шаарында авариялык абалдагы дарактарды жок кылуу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыйылган дарактар мындан 60-70 жыл мурун отургузулган. Учурда "Жашылдандыруу" ишканасы эски дарактарды аныктап, четинен кыйып жатат.