Эртең, 26-майда саат 10:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Туңгуч кичи районунда, Рухий-Мурас конушунда, 44 гектар конушунда таза суу болбойт. Ошондой эле №73-мектепте жана №181-балдар бакчасында ичүүчү суу убактылуу токтотулат. "Бишкек суу-канал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн аталган аймактардын тургундарынан кечирим сурайт.